Чемпиондор Лигасы: Роналдунун Буффонго киргизген голу мыкты деп табылды. Бейлдики экинчиде

УЕФАнын техникалык байкоочулары Чемпиондор Лигасынын 2017/18-жылдагы сезонунун эң мыкты 10 голун тандады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Реал Мадрид" командасынын чабуулчусу Криштиану Роналдунун 1/4 финалдагы "Ювентустун" дарбазасына киргизген голу быйылкы сезондун мыкты голу деп табылды. Ал эми мелдештин финалындагы "Реалдын" жарым коргоочусу Гарет Бейлдин киргизген голу экинчи болсо, үчүнчү орунду Гонсало Игуаиндин 1/8 баскычтагы "Тоттенхемдин" дарбазасына киргизген голу ээледи.

УЕФАнын мыкты голун төмөнкү адамдар аныкташкан: Ежи Энгель (Польша), Томас Шааф (Германия), Миксу Паателайнен (Финляндия), Петер Рудбек (Дания), Кристиан Киву (Румыния), Дэвид Мойес (Шотландия).

Криштиану Роналдудан мыкты гол
Чемпиондор Лигасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Azat.97
2018-05-28 09:34:43
Чындыгында экоо тен соонун гол болду.
+3
nukura_jigit
2018-05-28 09:44:38
Красавчик
+3
Zainidin96
2018-05-28 10:22:23
Роналду мыкты да баарынан
+3
Isco22
2018-05-28 10:39:37
Zainidin96,сен кечееле ливерпулду мактап аттылен го
+3
japarov
2018-05-28 10:54:02
Ен сонун болдуго ливерпул мн бол ойуну
+3
Meni_unut
2018-05-28 14:26:38
Красавик CR
+1
Rasul94
2018-05-28 18:32:50
Роналдунун голу тарыхта калат го буйруса
+1
Rasul94
2018-05-28 18:36:40
Бейлдин голу дагы кайра кайра коро бере турган болду
+1
Muslim_KGstana.
2018-05-28 19:28:37
Бейлдики кучтуу болчу чынында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан