Бүгүн, 28-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Акыркы күндөрү коомчулукта "өз миссиясын так аткара баштады" деп Жогорку Кеӊештин дарегине жакшы пикирлер көп айтылууда. Ушул эле парламент саналуу айлар мурун "добуш берүүчү машинага айланып калды" деп сындалып жүргөн. Депутаттар Бишкек ЖЭБин жаӊылоо ишин иликтөө, Сапар Исаковдун өкмөтүн ишеним көрсөтпөө жолу менен отставкага кетирүү, сотторду тандоодогу өз алдынчалыгы парламентке элдин ишенимин кайтарды дешет. Төрага Дастан Жумабеков парламентте маселелер бейтарап иликтене баштаганын айтса, депутат Мирлан Бакиров парламент чечим кабыл алууда элдин пикири менен эсептеше баштады дейт. Депутат Алмамбет Шыкмаматов парламент мактоого аларлык эч нерсе жасай элек, болгону өзүнүн Конституцияда көрсөтүлгөн укугун пайдаланып бир-эки маселеде өз алдынчалыгын көрсөтө алды деген пикирде. Жакында Бишкек ЖЭБин жаӊылоо ишин иликтеген депутаттык комиссиянын ишин кароодо парламент мурдагы бийликтин тушундагы экс-чиновниктердин катуу каршылыктарына карабай элге бир топ чиновниктин аты-жөнүн жарыялап, аларга укуктук баа берүүнү Башкы прокуратура менен УКМКга тапшырды. Өткөн аптада президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун судьялыгына сунуштаган 5 талапкердин үчөөнү Жогорку Кеӊеш "татыксыз" деп шайлабай койду. Ушундай чечимдеринен улам парламентке үмүт арткандар өсүп баратканы байкалууда. Парламенттин парламентке окшошо баштаганын айрымдар президент Жээнбековдун салымы деп айтып жатышат. Парламент ишин жакшы аткарып баштаганы Жээнбековдун эмес, Атамбаевдин "эмгеги". Анткени 2010-жылкы революциядагы Алмазбек Атамбаевдин ролу анын аброюнун Жогорку Кеӊеште жогору болушуна, ошону менен бирге саясий күч президент жакта болушуна негиз түзгөн. Ал эми Атамбаевдин бийликтен кетиши өзүнөн өзү саясий күчтүн Жогорку Кеӊешке оошуна алып келди. Андыктан кээ бир эксперттердин Жогорку Кеӊештин авторитетинин өсүшүн Жээнбековдон көргөнү чындыктан алыс. Тескерисинче, Жээнбеков Жогорку Кеӊешти ээрчүүгө аргасыз...
УКМКга бүгүн SUPER.KG порталынын журналистин "баарлашууга" чакырышты. Жакында Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов УКМКга суракка чакырылган. Ал күнү SUPER.KG порталынын журналисти Кулматов сурактан кийин кармалганын жазып чыккан. УКМКдан бул маалыматты жарым жартылай төгүндөшүп, Кулматовго чын эле иш козголгонун, ал суракка алынганын, бирок камакка алынбаганын жарыялашкан. УКМКнын бул билдирүүсүнөн кийин аталган кабарга толуктоо киргизилген. Мына ушул окуядан соң порталдын кабарчысы "баарлашууга" чакырылды. ЖМК өкүлдөрүн суракка чакыруу - эски, коомчулукта сынга алынып келе жаткан ыкма. 2016-жылы жазган макаласы үчүн Клооп.кг сайтынын журналисти Элдияр Арыкбаев да УКМКга баарлашууга чакырылган.
Убагында ОшТВ телеканалынын журналисттери да УКМКга суракка чакырылып, телеканал жамааты сөз эркиндигине кысым болуп жатканын, мындай аракеттер психологиялык кысым көрсөтүү жана дээрлик цензура киргизилгенге тете дешип, президенттин атына кайрылуу жиберишкен. Айтор, журналисттер УКМКга чакырылган окуялар четтен саналат. Жээнбеков бийликке келгенден бери биринчи жолу журналист УКМКга "баарлашууга" чакырылып жатат.
Журналисттердин коомчулугу УКМКга "баарлашуу" үчүн чакырууларды журналисттерге карата кысым көрсөтүүнүн бир ыкмасы деп келет. 21-майдагы кабарында SUPER.KG'нин журналисти мурдагы бажы башчысы Кулматовду "кармалды" деп жазып, бирок 5-6 мүнөт ичинде аны камалбай эле суракка чакырылып, кылмыш иши козголду деп тактоо киргизген. УКМКнын "кылдан кыйкым издеген" бул аракетин SUPER.KG маалымат порталы сөз эркиндигине карата шек келтирүү, редакцияга карата кысым көрсөтүү жана коркутуу деп баалайт. Негизи бийлик коррупцияга каршы күрөшүүгө алы келбей калганда журналисттерге ыдык көрсөтүүгө өтөт. Анткени журналисттер менен "баарлашып" оозун жабуу коррупционерлердин кекиртегин тыйганга караганда алда канча оңой...