Эртең футбол боюнча Кыргыз курама командасы Азербайжан курамасы менен беттешет

Эртең, 29-майда футбол боюнча Кыргыз курама командасы Азербайжан менен кез келет. Беттеш Баку шаарындагы олимпиадалык стадиондо Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө өтөт.

Беттеште Али Палабыйык жетектеген түркиялык арбитрлер калыстык кылат. Ага каптал сызыктарынан Серкан Олгунжан жана Чаглар Уяржан жардам беришет. Ал эми резервдеги калыстын кызматын Алпер Улусой аткарат.

Кыргыз курамасы Азербайжан өлкөсүндө бир канча машыгууларды өткөрүүгө жетишти. Улуттук команда менен бирге жолдоштук беттешке 23 оюнчу кеткен.

Айта кетсек, Кыргыз өлкөсү менен Азербайжандын футболчулары буга чейин 2013-жылы Бишкекте кез келип, беттеш 0:0 эсебинде аяктаган.

Азербайжан соңку эки оюнунда жеңишке жете алган эмес. Алгач 23-мартта Беларусь менен кез келип 0:1 эсебинде жеңилсе, 27-мартта Македония менен кез келип 1:1 эсебинде тең чыккан.

Ал эми Кыргыз курамасы соңку эки беттешин АФК кубогунун алкагында өткөрүп, 22-мартта Мьянма менен кез келип 5:1 эсебинде жеңишке жетсе, 27-мартта Индияны 2:1 эсебинде жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
toktor89
2018-05-28 14:40:09
Ийгилик,, Олкобузго суйуно турган жанылык алып келгиле
+5
take.kg86
2018-05-28 15:10:40
Алга ак шумкарлар ийгилик каалайм
+5
Chungyz
2018-05-28 15:12:39
Алга утуп келгиле
+5
FCB14
2018-05-28 15:41:33
Алга Ак шумкарлар жениш менен келгиле
+5
Alpengold.
2018-05-28 16:02:39
Оомат
+5
nukura_jigit
2018-05-28 16:31:09
Туз эфир кайдан корсок болот ?
+3
jonokoi.bala
2018-05-28 17:48:04
nukura_jigit,
КТРК Спорт берет экен, угушум боюнча...
+3
Alymbek.A
2018-05-28 18:15:30
Игилик
+1
FCBMESSI
2018-05-28 19:43:21
Ийгилик жакшы жыйынтык менен эсен-аман барып келгиле Алга Кыргызстан
+1
Amai
2018-05-29 09:32:17
Кечки саат бойунчабы же кундузгубу айтып койгулачы айтып койгулачы сураныч
-1
a.sheralievic.91
2018-05-29 17:57:20
Amai,күндүз дагы саат 22 00 болобу?
+1
Alymbek.A
2018-05-29 17:16:10
Кечки саат 10 башталат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан