Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №4-төрөт үйүнүн жанынан белгисиз жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Табылган денени ӨКМнын куткаруу кызматкерлери Октябрь РИИБине өткөрүп берип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.