Спикер Дастан Жумабеков: "Эл өкүлдөрү дайыма элдин кызыкчылыгына жараша иш алып барганда өзүнүн миссиясын татыктуу аткарган болот"

Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат деген пикирлер коомчулукта көп айтыла баштады. Ушул жагдайдан жаралган SUPER.KG порталынын "Акыркы 2-3 айда коомчулукта Жогорку Кеңеш тууралуу жакшы пикирлер көп айтылууда. Мунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков төмөнкүдөй жообун берди.

Төраганын пикиринде, парламентте маселелер бейтарап иликтенип, калыс баа берилип жаткандыктан парламент тууралуу коомчулукта жылуу пикир пайда болду.

"Баш мыйзамыбызга ылайык, Жогорку Кеӊеш мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөлдүк кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат. Тагыраагы, мыйзамдарды чыгаруу менен гана чектелбей, анын аткарылышын көзөмөлдөө да Жогорку Кеӊештин башкы милдети. Андыктан акыркы мезгилдерде кабыл алынган айрым мыйзамдар менен токтомдордун, ратификацияланган келишимдердин аткарылышы парламент тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып, тармактык комитеттердин жана убактылуу депутаттык комиссиялардын алкагында каралууда. Көйгөйлөр жеринде бейтарап иликтенип, бардык жактын пикирин эске алуу менен акыйкат чечимдер чыгарылууда. Буга мисал катары Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаал, өкмөттүн жана прокурордун ишмердүүлүгүнүн токтотулушу сыяктуу коомчулуктун көӊүлүн өзгөчө буруп, парламентте кызуу талкууланган маселелерди айтсак болот.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Жогорку Кеӊештин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын да мааниси зор. Ага ылайык, парламент дайыма ЖМК өкүлдөрү менен жакындан иш алып барып, депутаттардын бардык аракети коомчулукка ачык чагылдырылууда. Жогоруда белгиленген жана башка маселелер парламенттин өздүк маалыматтык ресурстарынан жана "Пирамида" телеканалынан тышкары бардык башка ЖМКларда түз, ыкчам элдин назарына сунушталып келет. Бул да болсо, парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап өлкөбүздө Жогорку Кеӊешке карата коомчулуктун көз карашын өзгөртүүгө жол ачууда. Анткени эл өкүлдөрү дайыма жалпы элдин кызыкчылыгына жараша иш алып барганда гана өзүнүн миссиясын татыктуу аткарган болот", - деди Жумабеков.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров, "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров жана “Бир Бол” фракциясынан депутат Улукбек Ормоновдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан