Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG`нин Түз эфиринде Алтынай Нарбаева конокто болот

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева болмокчу.

Ырчы 1967-жылы 6-мартта Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн. "Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз. Эки агам өтүп кетти. Атам айылдык кеңеште, райондук милициянын жетекчиси кызматтарында иштеген. Апам аялдар кеңешинин төрайымы болгон. Мен үйдүн кенжесимин. Апам мени 40 жашында төрөгөн. Ал кезде эжемдер турмушка чыгып калган учур экен. Алар уялып, “апа, алдырып салыңыз, биз менен жарышып төрөйсүзбү?..” дешет. Апам болбой коёт. Төрөт үйүнө да “апабыз карыганда төрөдү” деп уялып барбай коюшуптур. Эжем “сени көргүбүз да келбей, биз каалабаган бала деп жеридик. Бетиңди ачсак, кашы-көзүң кара кыз экенсиң. Анан “ий, көтөрө береличи, сулуу экен” деп көтөргөнбүз” деп күлүп калат", - деген ал.

Алтынай Нарбаеванын бир нече аккордеону бар, бардыгы белекке келген. Алгачкы жолу сахнага Рыспай Абдыкадыровдун 55 жаш мааракесине карата уюштурулган концертте ырдап чыккан.

Көпчүлүккө "Кимибизден?", "Кат жазчы мага", "Кызган мени", "Арзуу" жана башка ырлары менен таанылып, атагы чыккан.

Учурда Бишкек мэриясынын алдында түзүлгөн оркестрде эмгектенет. Ошондой эле 34 жылдан бери №67-мектеп-гимназиясында музыка мугалими жана Ысык-Ата-Арашан фольклордук ансамблинин солисти болуп иштейт.

"Аккордеон менен үй-бүлөмдү багып жатам" деген ырчыга арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот. Ырчы сиздин суроолоруңузга 30-май күнү саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.


кошулду
30-майда Түз эфирде конокто Алтынай Нарбаева болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
salimbek87.kg
2018-05-30 13:18:48
Ырлары жакшы уккулукту ишиңизге ийгилик каалаймын үй бүлөлүк бакыт
+1
salimbek87.kg
2018-05-30 13:20:06
Супер жамааты төкмө акын Аалы Туткучевти чакырыңыздар.
0
admin_superstan
2018-05-30 14:36:53
salimbek87.kg,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
jengoo
2018-05-30 16:32:53
admin_superstan, Тата Улан байкени да чакыргылачы.
0
ArgenMers
2018-05-30 14:54:34
Алтынай эже сизди аябай жакшы коробуз Кыргызга улгу болчу айымдардын бирисиз сизге чыгармачылык Ийгилик каалайбыз жана уйбулоолук бакыт ар дайым ден соолукта аман болунуз деп Москвадан куйорманыныз Арген)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан