UFC: Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттеши 2018-жылдын ичинде болору айтылды

Конор Макгрегор менен Хабиб Нурмагомедовдун беттеши АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүшү мүмкүн. Мындай билдирүүнү UFC'нин президенти Дэйна Уайт жасаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, учурда орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун көпкө күттүргөн беттешин уюштуруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. "Биз, Конор менен Лас-Вегаста жолугууну пландап жатабыз. Ал менен жолугушуубуз июнь айында болот деген ниеттемин. Конор Хабиб менен беттешүүнү каалап жатканына ишенем. Албетте, бул беттешке Хабиб да даяр. Бул беттеш сөзсүз 2018-жылы өтүшү керек", - деди Уайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
fantomas
2018-05-29 11:45:54
Бул экоо да Флойд Мейвезер менен Менни Пакьяо сыяктуу кыйын эле назданышты да....

Болсо болсун да беттеши, "базары" журуп жаткан кыз кебетеленбей...
+6
Meni_unut
2018-05-29 14:27:18
Конор коркок!!
+2
Alymbek.A
2018-05-29 17:14:00
Конор качып атат.
+2
Meni_unut
2018-05-29 18:51:24
Хабиб жеп коют го Конорду жон эле.
+2
FCBMESSI
2018-05-29 20:06:41
Конор урганда башы учуп кетет
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан