Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку бааларга татыктуу болгон 43 окуучунун 34ү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда алтын медаль менен бүткөн окуучуларды куттуктоо учурунда мэр Иса Өмүркулов билдирди. Айтымында, азыр Бишкек шаарында окутуу системи жакшы жолго коюлган. “Бизде жакшы окуган окуучулардын саны көп. Республикалык Олимпиадада шаар окуучулары жакшы жетишкендиктерди көрсөтүп келишет. Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку баллды Бишкек шаарынын окуучулары алган. Ал эми алтын медаль алгандар өкмөттүн токтомуна ылайык, каалаган окуу жайына экзаменсиз кабыл алынып, бюджеттик негизде окутулат”,- деди мэр.