Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө пара сунуштаган пакистандык жарандар кармалды
УКМКнын
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкекте “Лахор Стил Миллс” ишканасынын жетекчилерин пара
берип жаткан учурда колго түшүрүштү. 19-июнда пакистандык эки
жаран аталган ишканада салык боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын өз пайдасына
өзгөртүп коюу үчүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө 1,5 миң доллар
сунуштаган. Бул чет өлкөлүк жарандар камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.