Бүгүн белгилүү орусиялык ырчы, актриса Наташа Королёва 45 жашка толду.
Ал 1973-жылы 31-майда Украинанын Киев шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Сахнага жасаган алгачкы кадамы 1976-жылы болгон. Тагыраагы, 3 жашында балдар хорунда "Крейсер Аврора" аттуу ырды ырдап чыккан. 7 жашында музыкалык мектепке кирген.
Ал "Жёлтые тюльпаны", "Дельфин и Русалка", "Маленькая страна" жана башка ырлары аркылуу көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланып, 2004-жылы Орусиянын "Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон. Ал эми 2013-жылы ноябрь айында сахнадан кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок кийин бул сөз жалган экенин ырчы өзү тастыктап, декабрь айында "Стояла и плакала" клиби менен чыккан.
Музыкадан тышкары "Танцы со звёздами", "Две звезды", "Подари себе жизнь" өңдүү теелеберүүлөргө катышып, 2012-жылы НТВ каналына өзүнүн "Королева прайма" долбоорун алып чыгат. Андан кийин Биринчи каналда кулинардык "Время обедать" шоусун алып барат.
Ал эми актриса катары 1997-жылы "Новейшие приключения Буратино" тасмасына тартылат. Андан кийин "Против течения", "Сыщики", "Женщины на грани" жана башка тасмаларда роль жараткан.
Наташа Королёванын биринчи жолдошу композитор, өзүнүн устаты Игорь Николаев болгон. Экөө 1991-жылы баш кошуп, 10 жылдан кийин ажырашып кетишкен. Көп өтпөй ырчы Тарзан атка конгон бийчи Сергей Глушко менен таанышып, ага турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн Архип аттуу уулу бар.
31-майга карата жылнаама.