Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева: "Чоң сахнага 32 жашымда чыккам"

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын маеги башталды.

Алтынай Нарбаеванын бир нече аккордеону бар, бардыгы белекке келген. Алгачкы жолу сахнага Рыспай Абдыкадыровдун 55 жаш мааракесине карата уюштурулган концертте ырдап чыккан.

Көпчүлүккө "Кимибизден?", "Кат жазчы мага", "Кызган мени", "Арзуу" жана башка ырлары менен таанылып, атагы чыккан.

Учурда Бишкек мэриясынын алдында түзүлгөн оркестрде эмгектенет. Ошондой эле 34 жылдан бери №67-мектеп-гимназиясында музыка мугалими жана Ысык-Ата-Арашан фольклордук ансамблинин солисти болуп иштейт.

Ырчыга арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

SUPER.KG порталынын коногу бардык Кыргыз элин ыйык Рамазан айы менен куттуктап өттү.

15:07. Ырчы Алтынай Нарбаева Түз эфирдин салтка айланган ойготкуч суроолорунун дээрлик бардыгына туура жооп берди.

15:09. Эфирдин коногу үй-бүлөсү тууралуу кенен маалымат берди.

15:10. "Жеке концертимде "Дос Береке" курулуш компаниясынын жетекчиси 2 бөлмөлүү батир тартуулады. Ал киши менин инилерим болуп кетет. Эмгегимди, чыгармачылыгымды баалап, ушундай белек тартуу кылды. Бирок ачкычы колума тие элек. Азыр оңдоп-түзөө иштери болуп жатыптыр".

15:11. "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасы казак композитору Роза Алкожаныкы. Аны менен үй-бүлөлүк катышыбыз да бар. Ал мага белек кылып "репертуарымдагы бардык ырымды аткара бериңиз" деген. Чыгарма эч кандай плагиат эмес. Мындай маалыматты айрым маалымат булактары жазып чыкты. Аларга байланышып туура маалыматты бергенден кийин жалган кабар жазганы үчүн менден кечирим сурады. Эң башкысы окуучум Мирбек Атабековдун, күйөрмандарымдын жана үй-бүлөмдүн алдында жүзүм жарык".

15:14. "Чыгармабызды Кыргыз жергесинин булуң-бурчунда жылуу кабыл алып жатышат. Жеке концертимдин фишкасы ушул чыгарма болгон".

15:17. Суроо: "Үчүнчү кызыңызды канча жашыңызда төрөгөнсүз?"

Жооп: "Мен 47 жашымда төрөдүм. Кош бойлуу экенимди 4 айдан кийин билдим. Кудайга шүгүр, Карина деген кыздуу болдум. Жакында 3кө чыгат".

15:19. "Мирбек Атабеков музыкалык мектепте окуган. Ал менин окуучум болот. "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасын дуэт ырдап чыгуу сунушу экөөбүздөн тең болгон. Анткени буга чейин экөөбүз чогуу чыгарма жаздыралы деп жүргөнбүз".

15:21. "Улуу кызым Жогорку Сотто иштейт, ал эми уулум Экономика министрлигине ишке кирүү алдында турат. Балдарымдын жаман жагын көргөн жокмун. Үйдө аябай катуу апа эмесмин. Бирок насаатымды айтып турам".

15:22. Алтынай Нарбаева аккордеондун коштоосунда "Адамга эмне керек?" деген чыгармасын аткарып жатат.

15:29. "Аккордеонго болгон кызыгуум кичине кезимде эле бар болчу. Ата-энем 4-классымда музыкалык мектепке алып барды. Ошентип аккордеондо ойноо үчүн 14 жыл окугам. Аябай жакшы окуган экенмин. Бүгүнкү күндө менин үй-бүлөмдү багып жатат. Аккордеон менин сырдашым".

15:30. "Тааныштарымдын, досторумдун айтуусу боюнча мен жакшы кожойкемин. Огородду дагы жайгарам, тамакты түрлөп жасай берем".

15:33. Суроо: "Мындан 2 жыл мурда Роза Шакирова менен жол кырсыгына кабылган элеңиз".

Жооп: "Жакындарыбыздын бири каза болуп, батага келерде Роза Шакированы шерик кылып ээрчитип алгам. Келе жатып жол кырсыгына кабылдык. Биз отурган унаа 3 оодарылып кетти. Ары-бери өтүп жаткандар токтоп бизди видеого эле тартып жатышты. Эч ким жардам берейин деген жок. Ошондо Портер айдаган байке келип бизге жардам берип, ооруканага жеткирген. Ошол байкенин айкөлдүгүнө таазим".

15:36. Суроо: "Тойдогу ставкаңыз канча?"

Жооп: "Кудайга шүгүр, ставкам элдикиндей эле. Кээде бекер барган учурлар болот".

15:37. Уулум, кызым да ырдайт. Бирок атасы "бир үйгө бир артист жетет" деп тыйып койгон окшойт. Эгер балдарым чыгармачылыкты тандаса, колдойм. Кичинекейим, Каринанын да жөндөмү бар. Ырчы болот деген ниетим бар".

15:38. "Коцерттен, тойдон кеч келсем апам "сен эркектей болуп жүрө берет турбайсыңбы" деп калчу эле. Албетте, үйгө кеч келген аял эч кимге жага бербейт. Эркектерге таап келсең деле жага бербейсиң".

15:39. "Жолдошум менен бир университетте окуганбыз. Бири-бирибизди студент кезибизде эле таанып, баш кошконбуз".

15:40. "Чыгармачылыкка кеч кадам таштагам. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө турмушка чыгып, кыздуу болдум. Андан кийин уул төрөп алайын деп жүрдүм. Окуумду аяктагандан кийин иштедим. Мага чоң сахнага чыкканга эч ким жол көрсөткөн жок. Ошентип 32 жашымда сахнага чыктым. Таланттуу болсоң чыгармачылыктын эрте-кечи болбойт экен".

15:43. Түз эфирдин коногу "Кызган мени" чыгармасын аткарууда.

15:47. "Мен кандай чыгарманы аткарбайын дайыма жылуу пикирлерди угуп келем. Ошондон улам ыр тандоодо адашпайт экенмин деп ойлоп калам. Бир жолу бирөө "ушул эже сүйүү жөнүндө ырдабай эле койбойбу, жашы улгайып калган" дептир. Мен бир нерсени айткым келет, сүйүү кары-жашка карабайт, сүйүү жүрөктө жашай берет".

15:50. "Шакирттеримдин бардыгы мени уят кылбай, чыгармачылыкта талыкпай иштеп жатат. Мисалы, Самара Каримова устаттан шакирт өтөт болуп, мени менен тең эле Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алып отурат.

15:53. "Чыгармаларым кайгылуу эмес. Репертуарымда шаңдуу ырларым деле бар. Бирок күйөрмандарым мени ойго салган чыгармаларым менен таанып калыптыр".

15:54. "Жолдошум - жеке ишкер. Башында чыгармачылыгымды түшүнбөй сүйлөнүп калчу. Кийин ырыс-кешиктүү кесип экенин билип колдоо көрсөтүп калды".

15:56. "Аккордеонум, кийимдерим оор жүк болгондуктан эжем менен агамдын балдары жардам беришет. Бири той-топурларга алып барса, экинчиси кийимдеримди, музыкалык аспаптарымды көтөрүп жүрөт. Алар менин оң колум".

15:57. "Кайда барбайын "Кимибизден" деген ырымды 2-3 ирет кайталатып ырдатышат" деген ырчы эфирден ушул чыгармасын аткарып берди.

16:02. Ырчыга күйөрманы тарабынан логикалык суроо берилип, ал жооп бергенге аракет кылды.

16:03. "Жалпы Кыргыз элиме ден соолук каалап, ыраазычылыгымды билдирем. Элибизде тынчтык болуп, ынтымак орносун. Ырысыбыз кемибесин!" - деп эфирди жыйынтыктады.

Алтынай Нарбаева: "Кырсыкка кабылып жолдо турсак, эл жардам бергендин ордуна видеого тартышты"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aszyma
2018-05-30 18:54:11
Өтө жакшы айым. Ырды жүрөкө жеткирип ырдаган күчтүү аял. Бар болуңуз эжеке. Өмүрүңүз узун болуп,балдарыныз менен аман болунуздар.
+1
moskoy
2018-05-31 11:20:19
Кызы менен уулун жумушка орнотуу учун канча акча бергенин да айтып койсо болмок.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан