Туристтик сезонго даярдык көрбөгөн Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев өкмөт башчыдан сын укту

Бүгүн, 24-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевди сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы туризм иштери алдыга жылбай жаткандыгы үчүн Султан Раевдин ишиндеги кемчиликтерди айтты. "Эмне себептен туристтик мезгилге даярдык көрбөй жатасыңар? 2 аптадан кийин сезон башталат",- деген өкмөт башчы министрге кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан