Кыргыз эстрадасындагы популярдуу, элдин табитин тапкан хит ырларды жаратып келген ырчы Курал Чокоев социалдык тармактагы жеке баракчасына уулунун видеосун жүктөдү. Анда ырчы уулун жанына чакырып: "Бул менин балам, Санжар" деп видеого тартып жатканын көрүүгө болот. Курал Чокоев уулу тууралуу SUPER.KG порталына буларды билдирди.
"Кечээ, 30-майда апамдын туулган күнү болгон. Уулум Санжар дагы чоң апасын куттуктап келген. Негизи Санжар таене, таятасы менен Бишкек шаарында чогуу жашайт. Экөөбүз бат-бат жолугуп турабыз", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Курал Чокоев 16 жашында үйлөнүп, балалуу болгондон кийин ажырашып кеткен. Уулу Санжар жакында 14 жашка чыгат.