SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө режиссёр Нишанбай Топчубаевдин "Боорду эзген Боронбай" кинокомедиясы жүктөлдү.
Тасмада Арген Карыгулов, Марат Жанталиев, Эгемберди Чалабаев, Тилек Жумагазиев, Нуржан Ниязова, Сайракан Мырзалиева, режиссёр Ырыс Жоомартова роль жараткан.
Тасманын автору Нишанбай Топчубаев тасма тартууга 8 күн убакыт сарпталганын айтты. Ал эми тасма тартууга жалпысынан канча каражат кеткени жашыруун экенин билдирди.
Тасма айылдык жигит Боронбайдын окуясын баяндайт. Ал техникага жакын болгондуктан бузулган унааларды, техникалык буюмдарды оңдочу. Боронбай дагы катардагы жаштардай эле айылдан шаарды көздөй бет алат. Бишкекке келгенден кийин адамдардын пейили бузулганын, тилдин бурмаланганын көрүп кейийт. Атайын акча табуу үчүн келгенден кийин иштейин деп колунан келген жумуштарды аткарат. Ушундай күндөрдүн биринде узун бойлуу кызга жолугуп калат. Экөө таанышып, мамиле курат. Ортодо көп кызыктар болот. Бир күнү кыздын атасы ооруп калып ага көп суммадагы каражат керек болуп калат. Боронбой ошол суммадагы акчаны таап берет. Окуя андан ары курчуп, Боронбой өз бактысын табат.
"Боорду эзген Боронбай" комедиясын көрүү үчүн шилтеме.