Бүгүн, 31-майда "Сейтек" балдар борборунда Тамашоунун 10-сезонунун финалы орун алды. Анда "Ала-Тоо", "Ошингтон", "National", "Оригинал", "Нур Ивент" командалары катышып, "Тамашоунун" кубогу үчүн ат салышты.
Ал эми күлкү жаратуучулардын кызыктуу оюндарына калыстык кылып режиссёр Рысбек Жабиров, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Мирлан Өмүралиев, эстрада ырчысы Урмат Усенов, стилист-дизайнер Замира Молдошева, "KG Групп" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов, тай-бокс, кикбокс боюнча чемпион Жаныбек Бейшебек уулу жана "No name" командасынын түптөөчүсү Эмил Токтошов болду.
Оюндун башында кыска форматтагы "Тиги-бу", "Нур Лайв", "Авиа тур", "46 юниор" командалары өздөрүнүн чыгармачылыгы, куйкумдуу тамашалары менен залдагыларды каткырыкка салды.
Алгач "Саламдашуу" конкурсу менен сахнага "Ошингтон" командасынын тапан жигиттери аяз атасы менен чыгышты. Андан кийин 9 миң сомдук көчөттү, музейдеги отургучту уурдап бара жаткан студенти чыгып контракт төлөйм деген тамашасы менен "азыркы президенттин" ачуусун чымчыды.
"Замира вообще молодец. Неге дейсиңерби? Эй ал куниктерди дагы красавица кылып атпайбы", - деген тамаша орун алды.
Инстаграмга катталган кыздар түз эфирге чыгып, калыстар тобу менен сүйлөштү. Андан кийин команданын Алмаз аттуу оюнчусу Сапар Исаковдун үнүн кырааты менен келтиргени менен көрөрмандардын купулуна толду.
Күлкү тартуулоо үчүн сахнага "Ала-Тоо" командасы караңгыда жарык чачкан феялары менен чыкты. Андан соң "Нур Ивент" командасы жар-жар ыры менен чыгып "биз тойлордо көп кызмат кылгандыктан той форматында чыгалы деп чечтик" деп түшүндүрдү. Алпурушуп Нурзат Токтосунованын мектебинен чыккандар "финал менен кармашкан колубуз үзүлбөсүн" деп оюнду баштады.
"Нур Ивент" командасынын баарына жаккан тамашасы мюзикл түрүндө аткарганы болду. "Айтамын гана ээ, Бишкекте болуп жаткан ужасты.
9 миң сомго көчөт алды, "Ош базары" ар кайсы жеринен күйүп жатат,
Сапар кетип алыска, Кыргыз калды карызда".
"Оригинал" командасы устаттары менен чыгып, элдин кызуу кол чабуусуна ээ болушту. Жигиттердин саясатка асылбай, жөн гана калыстар тобунун мүчөлөрүн мактаганы жакшы оюн болду.
- Рысбек Жабировду мактаганга кыргызча да, орусча сөз жок.
- Замира Молдошева "бакаларды" Бакуля кылат.
"Саламдашуу" конкурсу менен "National" командасынын күлкү жаратуучулары өзгөчө шоу менен чыкты. Алгачкы тамашасы Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын ак тою тууралуу болду. Баса, жигиттер сахнага "Кыргыздын деми" деп таанылган Гүлзат Мамытбектин сүрөөсү менен чыгышты.
Жигит: "Мен үйлөнгөндө бир айга бал айына чет өлкөгө барып келсем, Нурлан менен Асел үйлөнгөндөн кийин бал айына гастролго чыгып кетиптир го".
Оюндун жүрүшүндө "бөрү" "тамашоучулар" Актан Рыскелдиев, Эмил Токтошев, Самат Эркинбек уулу, практикант агай жана ырчы Кайрат Примбердиев жигиттер менен чогуу тамаша аткарышты.
Ушуну менен биринчи конкурс жыйынтыкталып, кийинки конкурска оюнга катышып жаткан командалардын капитандары чыгып, бири-бирине үч бурчтук суроолордон узатышты.
"Оригинал": Замира эже - Феррари, Рысбек байке - Зил унаасына, Имамидин ага Портерге окшош. Кыргыз кыздарын дагы унааларга салыштырдым.
Кийинкилерден болуп сахнага ырчы Аселдин "тамашоучу" сүйгөнү Алмаз чыгып "тамашаларым өзүмдүн стилимде" деп Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков экс-президент Роза Отунбаеванын туулган күнүндөгү окуясын көрсөтүп берди.
Алмаз: "Мен ошол кафеде официант болуп иштегем. Алардан буюртма алып жатсам Сапар Исаков "мага суу менен нан эле алып келчи, өкмөттөн кетпедимби ошого мага төлөп койгулачы" десе, Роза Отунбаева "мен үйдөн чай ичип чыктым эле, мага салат эле берчи. Билесиңер да менин кредитим бар, ошого кошумча кылып кеткиле" десе, Жээнбеков "эй, ар ким жегениңеге төлөгүлө, жооп бергиле!" деди.
"Нур Ивент": "Чоңдор, силердин такыр эле уятыңар жок. Кино көрүп жатканда уят эпизоду болуп калса "көзүңдү жап" дейсиңер. Ошончо болду үнүн азайтып койбойсуңарбы".
Суроо: Өбүшүп көрдүң беле?
Жооп: Помидор мененби?
Үчүнчүдөн болуп видеосынак конкурсу старт алды. Ар бир команданын жасаган тамашалуу видеоролигин көрөрмандар берилүү менен көрүп, калыстар өз бааларын беришти.
Финалдык оюндун музыкалык сынагында Тамашоучулар коомдо болуп жаткан окуяларды тамашага салышты. "National" командасы ар бир облустун өзгөчөлүгүнө токтолуп, аймактарга таандык артыкчылыктар жана кемчиликтерин тамашага салышты. "Оригинал" командасы бардык көрүүчүлөргө мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусун чагылдырып күлкү тартуулады. Классташтардын мектепти эскергени, бири-бирин окуучулук күндөрдө жүргөндөй тамашалаганы үй-бүлөсү менен барган курдаштардын кечесин көрсөткөнү жагымдуу маанай тартуулады. "Нур Ивент" командасы "Ош базарында" болгон өрт кырсыгы аркылуу базарда болгон окуяларды чагылдырды. Ал эми "Ошингтон" командасынын музыкалык үй тапшырмасы көрүүчүлөрдүн жана калыстардын мактоосуна татыды. Алар ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын тоюн Тамашоунун сахнасында өткөрүп беришти. "Ошингтондун" жигиттери Асел Кадырбекованын курбулары болсо, Алмаз Шаадаев менен Нурмат Садыров күйөө жолдоштун ролунда болушту. Курбу кыздардын ролун аткарган жигиттердин актёрдук чеберчилиги кол чабууларга татыды.
Тамашоу лигасынын финалында 3-орунду "Оригинал" командасы алса, 2-орунга "Нур Ивент" командасы татыктуу болду. Тамашоудо куйкум тамашалары менен эсте калган "Ошингтон" командасы быйыл чемпион болуп, кубокту илип кетти.