Лавров Корей жарым аралындагы кырдаалды талкуулоо үчүн Пхеньянга барды

Кечээ, 31-майда Орусия менен Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Ли Ён Хо Пхеньянда жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жолугушуу учурунда Корей жарым аралындагы абал жана эл аралык, аймактык негизги маселелердин айланасында сөз болгону айтылат.

“Түндүк Корея Америка Кошмо Штаттары көрсөткөн кепилдикке жана андагы түзүлгөн келишимдерге жетүүнү өзү чечиши керек.

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ишине кийлигишүүгө Орусиянын укугу жок, бирок катышкан бардык тараптардын кызыкчылыгынын негизинде келишимди колдоп, кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык иш-чараларга катышууга даяр”, - деди Лавров.

Жолугушуунун алдында орус тышкы иштер министри Түндүк Кореянын алгачкы көч башчылары Ким Ир Сен менен Ким Чен Ирдин айкелдерине гүлчамбар койду.

Айта кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан