Малайзиянын жарандары өлкөнүн сырткы карызынан кутулуу үчүн чечим кабыл алып, бир күндө 2 миллион 300 миң доллар чогултушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Малайзиянын сырткы карызы 2018-жылдын 2-кварталындагы ички дүң өндүрүмүнүн 60 пайызын түзүп, жалпы 251 миллиард доллардан ашат.
Өлкө жараны Шазаирна Бакти сырткы карыздан кутулуунун жаңы жолун сунуш кылып, бардык кайдыгер эмес жарандарды бул ишке салым кошууга чакырган. Ал өзү 100 миң долллар чогултууга бел байлап, бир нече күн ичинде 3 миң 600 доллар жыйнаган. Бирок көп өтпөй иш-аракети токтоп калган.
Бул демилге каржы министринин көңүл буруусуна татып, жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Андан соң элдин акчасы “Малайзия үмүт фондуна” чогултула баштаган. Жарандар бул демилгеге активдүү катышып, алгачкы 24 саат ичинде 2 миллион 300 миң доллар жыйнашкан.
Өкмөт жарандардын бул кадамын патриоттук өсүү деп санаган. Мындай иштер калктын маанайына оң таасир тийгизерин ырастап, эмгек рыногуна жана өлкөнүн экономикасына салым болорун айткан.
Айта кетсек, 2018-жылдын май айында бийликке келген Малайзиянын жаңы өкмөт башчысы Махатхир Мохамад өлкөнүн тышкы карызынан кутулуу үчүн бардык аракеттер көрүлө тургандыгын айткан.