70 миллион долларга сатылган Ferrari дүйнөдөгү эң кымбат унаа деп табылды

1963-жылы чыккан Ferrari GTO үлгүсүндөгү автоунаа дүйнөдөгү эң кымбат машина деп табылып, рекордду жаңылады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, аталган унаа 70 миллион долларга сатылган. Ferrari GTO унаасын немис коллекционери Дэвид Макнил алган. Мындай сумма автоунаалардын баасы боюнча тарыхта калды. Анткени буга чейин бардык класстагы машиналардын бири да жогорудагыдай баада сатылган эмес. Бир гана 2013-жылы Ferrari унаасы 52 миллион долларга сатылып, рекорд койгон.

Ferrari GTO унаасы эмнеге кымбат сатылды деп жатасызбы? Анткени бул унаа 1964-жылы "Tour de France" унаалар жарышына катышып, биринчи орунду багындырган. Мындан тышкары бир нече ирет жарышка чыгып, рекорд жасаган. Бирок бир да жолу кырсыкка кабылган эмес.

Белгилей кетсек, "Ferrari" компаниясы 1962-1964-жылдар аралыгында 36 унаа чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Zainidin96
2018-06-03 10:49:04
52 жашка чыгыптыр да укмуш сатылыптыр 70 миллион
+4
Meni_unut
2018-06-03 11:19:25
70миллион $ акча менин омурумдун акырына чейин жетмек
+6
anash
2018-06-03 11:46:21
Meni_unut,сенин элемес бала чака небере чеберене чейин жетмек если туура пайдалансан..
+12
bond02
2018-06-03 12:09:14
Лимузин го.
-2
Dembele84
2018-06-03 13:24:51
Жазып чыкты эле дей берет экенсинер да суперчилер!
+4
jumatone
2018-06-03 13:26:19
Меникиндей экен бирок мен 140 миллионго алгам
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан