Ким Кардашьяндын кызы 2 миң долларлык сумка көтөрөт. Анын гардеробундагы башка кийимдеринин баасына көз чаптырыңыз

Голливуддун жылдыздуу түгөйлөрү Ким Кардашьян менен Канье Уэст учурда 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет. Атактуулар балдарына кымбат баалуу белектерди тартуулоо менен алардын көңүлүн алып, эркелетип келет. Бул ирет жан шериктердин тун кызы Норттун гардеробундагы эң кымбат кийимдерин тизмектеп көрдүк.

Америкалык "Oskar de la Renta" компаниясынын негиздөөчүсү, модельер Оскар-Аристид Рента-Фиальо Норттун туулган күнүнө көйнөк белек кылган. Анын баасы 600-900 долларды түзөт.

Норт Уэсттин көтөргөн сумкаларынын бири "Louis Vuitton Speedy" брендине таандык. Баасы - 995 доллар.

Кичинекей айымдын "Balmain" брендине таандык блейзери 2000 доллардан жогору.

Түрлөп сумка көтөргөн Норттун гардеробунда италиялык "Fendi" компаниясынын сумкасы да бар. Анын баасы - 2000 доллар.

Мехтен тигилген жакет - 3500 доллар.

"Vetements" брендине таандык көйнөк - 9000 доллардан өйдө (аталган сумма чоңдор үчүн, бирок кичинекейлердин көйнөгүнүн баасы мындан бир аз эле айырмаланат) турат.

Норт Уэст быйыл 15-июнда 5 жашка чыгат. Аны келе жаткан туулган күнү менен куттуктап, белектерин тартуулап жаткандар да бар. Алардын бири америкалык дизайнер Александр Вэнг өзүнүн брендинен чыккан сумканы тартуулаган. Ал сумканын баасы 750 доллар турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
bond02
2018-06-03 12:08:45
Булар акчаны оноюраак табат да бизге караганда.
+11
Chungyz
2018-06-03 12:44:07
Турса бар 2000$
+7
Arminka00
2018-06-03 12:53:14
Тим эле укмуш го)))
+2
Isken.der
2018-06-03 13:06:25
Кийине берсин, тан калычтуу деле жанылык эмес экен
+10
Pandora
2018-06-03 13:17:41
Оной келген акса оной кетет.Компаниянын негиздоочуролу оздору белек кылып жатабы....Демек бул реклама!!!
+12
Janna07
2018-06-03 13:39:59
Кийимида, сумкасынында корунуштору ото эле жонокой элего, оргинал дейтурган озгочо эч нерсеси деле жокко
+8
Ayida
2018-06-03 13:58:56
Сумкасы 200 эле сом турат
+5
engel
2018-06-03 14:35:40
Ayida, кызыксынар го бул деген БРЕНД! тоже мне сравнили подделка менен кытайдын дешевкасын. Булардын замогун да салыштырып болбойт! Сен экообуз мындай сумкаларды мечтать та мечтать
0
KOCMOC
2018-06-03 15:20:12
engel, +++
0
Ayida
2018-06-03 13:59:50
Кызынын койногу апасынын майкасыго
+8
Batma08
2018-06-03 14:09:48
Доллар эле болбосо бирда жарашыктуу корунбойт экен
+5
Janna07
2018-06-03 14:12:39
Batma08,чын
+2
Ulik-real
2018-06-03 15:22:16
Сумка кийимдери Луи виюттонго
+1
eddi.
2018-06-03 18:30:03
Баары бир тряпка
+6
anonymous
2018-06-03 19:44:02
Стул столу канчадан экен кычкачы бар бекен? Кыргызстанда бренд кычкач мебель жасалма ат бар алышпайт бекен?
+13
Meni_unut
2018-06-03 22:27:10
Кыргызстан кычкач кочоттор боюнча эч кимди алдыга чыгарбайт.
+8
jbolotov
2018-06-04 01:03:37
Бактылуулук кымбат кийимде эмес экенин ойлоп коёлу туугандар, бала чакага кымбат нерселерди алып береберуу жакшы тарбия эмес, балдарга буюмдардын кадырын билуусун жашынан уйротуш керек.
+3
tynara81
2018-06-04 11:06:30
Эми ошол кымбат буюмдун, кийимдин баркына жетмек беле наристелер. Балдары үчүн эмес, ата- энеси өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн сарптап атат ошончо акчаны. Балага кымбат кийим эмес, ыңгайлуу жана натуралдуу (пахта, жүн) кийим кийдириш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан