Таиланддын түштүгүндө кара дельфин (гринда) 8 килограмм желим баштык жутуп өлдү. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, дельфинди суу каналынан табышкан. Окуя болгон жерге атайын адистер келип, дельфинди сактап калуу аракетин көрүшкөн. Бирок 3 күндөн кийин жаныбар өлүп калган. Ал эми таиланддык биологдун айтымында, дельфин желим баштыктарды жутуп алгандыктан, азыктануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Анткени анын ашказаны 8 килограмм желим баштыкка толуп, ал тургай тамагына да тыгылып калган.
Кошумчалай кетсек, аталган өлкө желим баштыктарды колдонуу боюнча алдыңкы сапта жайгашкан. Мындан улам Таиландда жүздөгөн суу жандыктары ушул желим баштыктын айынан кырылат.
Гриндалар же кара дельфиндердин узундугу 10 метрге чейин жетип, жалпы салмагы 800 килограммды түзөт.