Спортчулар Москвада өтө турган "Футбол - достук үчүн" долбооруна даярданып жаткан Арген Эмилбековго ийгилик каалашты
1-2-июнь күндөрү борбор калаада таэквондо, дзюдо жана футбол боюнча мелдештер орун алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары 8-15-июнь аралыгында Орусиянын Москва шаарында орун алчу "Футбол - достук үчүн" долбооруна Кыргыз өлкөсүнүн атынан катыша турган Арген Эмилбековго ийгилик каалашкан. Анын жүрүшүндө Арген спортчулар менен достук браслеттерин алмашты.
Айта кетсек, Арген Эмилбеков Бишкек шаарынын Мектеп лигасынын 2-сезонунун мыкты футболчусу наамын жеңип, "Футбол - достук үчүн" долбооруна катышууга жолдомо алган.
Автор: Бактыяр КыдыралиевФото: Бишкек шаардык мэриясы