Маданият жана туризм министрлиги Бишкектин мыкты кинотеатрларын аныктады
17-ноябрь - Кыргыз киносунун күнүнө карата Маданият жана туризм министрлиги Бишкек шаарындагы мыкты кинотеатрларды аныктады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен "Мыкты кинотеатр" наамына "Манас" жана "Ала-Тоо" кинотеатрлары татыктуу деп табылышты.