Мыйзамсыз жер сатууга аракет кылган айым колго түштү

Бишкекте өзүнө таандык болбогон жер аянтын сатууга аракет кылган Гүлсайра Бекжанова аттуу айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясына караштуу Жеке турак жай куруу департаментинин директору Самарбек Болотбеков билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган айым алдамчылык жол менен бир жарандан үй салууга конкреттүү жер аянтын алып берем деп убада кылып, 3 миң доллар алган. Ал түгүл кылмышка шектүү аял айрым тиешелүү документтерди кардарга тапшырган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аталган участокто курулуш ишин жүргүзүүгө тыюу салынды. Бирок жер аянтына ээ болбой калган жабырлануучуга Бекжанова акчасын кайтарып берүүдөн баш тартты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан