Кечээ, 4-июнда Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы Техникалык университеттин жанында жардыруу болуп, 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, каза болгондордон сырткары 17 адам жаракат алган. Буга чейин 6 адам каза болуп, дагы алтоонун жаракат алганы кабарлаган.
Күбөлөрдүн айтымында, жарылуу 2 миңге жакын дин таануучулар университетте конференция өткөрүп, имараттан чыгып кеткен учурда болгон. Конференцияда дин таануучулар Ооганстандагы кан төгүүлөрдү айыптоо тууралуу бүтүм чыгарышкан.
Учурда жарылууну эч бир тарап моюндай элек. Бул окуяга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылат.