Борбордук Америкада эң активдүү вулкандардын биринин атылуусунан каза болгондордун саны 65ке жетти

Гватемала өлкөсүндөгү Фуэго вулканынын атылуусунан каза болгон адамдардын саны 65ке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Кырсыктан набыт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн: дайынсыз жоголгондордон тышкары жабыркагандардын көбү оор абалда. Вулкандын атылуусунан көз жумгандардын сөөгүн жерге бере башташты. Өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Айта кетсек, 3-июнда Борбордук Америкадагы Гватемала өлкөсүндө Фуэго вулканы атылып, башында 7 адам каза болгону жана 296 адам жаракат алганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tina-Tin
2018-06-05 13:08:54
Тобоо кинодогудай эле болуптурда
0
jbolotov
2018-06-05 16:32:34
Бузулган жерге акыры Аллахтын жазасы тушотда.
0
altyn7776
2018-06-05 16:49:50
jbolotov,кыйраттын! Таба келтирбей тобо келтир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан