Казакстанда менингококк инфекциясы менен жабыркап, каза болгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу казак маалымат агенттиктери жазып чыкты.
Маалым болгондой, жыл башынан бери бул илдеттен 12 адам каза болгон. Мындай расмий маалыматты Казакстан Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдирген.
"Бүгүнкү күнгө карата менингококк инфекциясы менен жабыркаган 58 жаран катталган. Алардын 12си каза болду. Ооругандардын 18и - 14 жашка чейинки балдар. Алардын арасынан 5 бала көз жумган", - дейт министр.
Кошумчалай кетсек, Казакстанда жарандар буга чейин дагы аталган илдеттен каза болушкан. Мисалы, 2013-жылы 117 киши инфекция жугузуп, анын 18и каза болгон. 2014-жылы 119 киши жабыркап, 15и көз жумса, 2015-жылы менингококк инфекциясын жугузуп алгандардын саны 424 кишиге жетип, 21 адам каза болгон. Ал эми 2016-жылы ооругандардын саны 120га жетип, 7 киши каза болсо, 2017-жылы 162 адам жабыркап, 11и көз жумган.
Менингит – мээнин чел кабыгынын сезгениши. Аны убагында дарылабаса, адам кулагы укпай, талмага кабылат. Ал тургай өлүмгө учуроосу да толук мүмкүн.
Ооруну бактериялар жана вирустар жаратат. Бул дарт оорулуунун чүчкүрүгү, шилекейи, ал колдонгон буюмдар жана суу, кир кол, тамак-аш, өбүшүү аркылуу жугат. Эпидемиялык убак – көбүнчөсү февраль-апрель айларынын аралыгы. Анткени бул убакта аба ырайы бирде жылып, бирде сууп, эл суукка көп урунуп, оорунун жайылышына шарт түзүлөт. Анын үстүнө жазга маал нымдуулук күчтүү болуп, бактериялар, вирустардын көбөйүшүн шарттайт. Узак убакыт жабык, желдетилбеген имаратта болуу, эл көп чогулган жайларда жана суукта мончодон чыгып жылаңбаш жүрүү да менингитке чалдыгууга жол ачат. Бул оорудан убагында дарыланбаса, кереңдикке, талмага алып келет.
Менингит оорусу ар 10-15 жылда эпидемияга айланып, кайра кайтып турат.