Кыз-келиндер арасында триатлон боюнча Алматы шаарынын ачык биринчилигинде Кыргыз өлкөсүнөн барган спортчулар байгелүү орундарды ээлешти.
Маалыматка ылайык, "Grace Race 2018" мелдешинде жашы 18 жогору 35 спортчу катышкан. Алгач алар 400 метр аралыкты сүзүп өткөн. Андан соң 10 чакырымды велотренажёр менен өтүп, кийин 3 чакырым чуркашкан. Натыйжада казакстандык Сауле Досжанова 29 мүнөт 32,21 секундда келип, мелдештин жеңүүчүсү деп табылган. Экинчи болуп 31 мүнөт 37,80 секундда Кыргыз өлкөсүнөн барган Камиля Сыздыкова келген. Ал эми үчүнчү орунду дагы бир мекендешибиз Айзада Тыналиева 31 мүнөт 44,52 секундда багынтып, жыйынтыгында спортчулар 2 медалды камсыздаган.