"Жаш кызды бычактап салган" деп шектелип 26 жаштагы жаран кармалды
24-июнда Чүй облусунун Москва районунда жаш кызды бычактап салган 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады. 45 жаштагы арыз ээсинин айтымында, ошол күнү кечинде тааныш айылдашы алардын үйүнө кирип, 24 жаштагы кызына кол салган. Кыз андан коргонуп жатып денесине бир нече жолу бычак жеген. Кылмыш ишине шектүү жаран кармалды, учурда тергөө иштери улантылууда.
Ай кыргызым, кыргызым кайда бара жатабыз? 5 минуталык кумар учун бир адамдын жанын кыйып. Колу менен кылганды мойну менен тартсын зоокур. Андайларга убал жок.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.