"Сапар Исаков үй камагына чыгарылсын деген өтүнүчүбүздү сот кабыл алган жок", - деп бүгүн, 5-июнда КСДПдан билдиришти.
"Биз мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун 4 баласы бар экенин, алардын баары кичинекей экенин, мындан тышкары улгайып калган энесин карагандыгын айтып соттон үй камагына чыгаруусун өтүндүк. Тилекке каршы, Биринчи Май райондук соту биздин өтүнүчтү кабыл алган жок", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин УКМК Сапар Исаковдун тергөө бүткөнгө чейин 2 айга камакка алынганын кабарлаган. Ага 29-май күнү "Коррупция" беренеси менен айып тагылган эле.
Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.