Голландиянын премьер-министринин пол жууганы интернетте кызуу талкуу жаратты

Голландиянын премьер-министри Марк Рюттенин парламент имаратынын полун жууган видеосу интернетте кызуу талкууланууда.

Интернетке тараган видеодон анын парламент имаратынын кире беришине кофе төгүп алганын көрүүгө болот. Андан соң ал пол жууган таякчаны алып, полду өзү тазалаган.

Учурда айрым интернет колдонуучулары премьер-министрдин бул кадамын бийлик ээлеринин жөнөкөйлүгүнүн, элге жакын экендигинин үлгүсү катары эсептешсе, айрымдары жөн гана өзүн пиарлоо катары баалашууда.

Голландиянын премьери кофени төгүп алып, полду өзү арчыды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
ETAAA_18
2018-06-06 09:35:36
Колу сынып калмак беле,тазаласын да премьер болсо эле эмне...?
-12
Isken.der
2018-06-06 09:44:04
Жонокойлук адамдын даражасын которот
+12
tynchy
2018-06-06 09:47:37
башка адамдын да эмгегин баалаган адам экен. Биздин депутаттар коомдук транспортго тушкондон уй алат.
+15
salimbek87.kg
2018-06-06 10:39:36
Азамат экен малаток.биздин пример ушундай кылганда жанакы уялчаак депутат шапкасын ээгине чейин басып уялып өлмөк
+12
Medina87
2018-06-06 10:43:02
Мен Москвадагы Вучетича кочосундо жайгашкан Управление по делам Президента мекемесинде иштеген чондордун жонокойлугуно тан калгам.
Бир рет жыйналыш болду албетте фуршети менен. Ошондо бир еркек виносун тогуп алды. А мен уборщица элем, швабрамды алып суртойун десем Кечириниз, келиниз мен озум суртом деп боолбой озу сурткон ошончо копчулуктун козунчо. Менден кайра-кайра кечирим сурайт. Аябай ыраазы болгом адамгерчилигине!
+13
Busi06
2018-06-06 11:03:57
Биздикилер болгондо ииии ий асманды карап отуп кетсе керек эле!
+2
Dalil
2018-06-06 11:30:04
Жамандайм дегендерге кандай иш жасаса да жаман сөз табыла берет экен. Тазалабай кетсе дагы жамандамак. Пиарбы пиар эмеспи төгүп алган соң өзү тазалап койгону туура. Жөнөкөйлүктөн мурда да адамдык сапаты турат.
+4
mirkaa5182
2018-06-06 12:04:12
Чоңдорубуз ушундай жөнөкөй болсо, аттиң
+3
Mazi1280
2018-06-06 13:10:35
Коп жылдан бери Италиядабыз , булардын копчулугу ушундай жонокой адамдар, пиар эмес адамдын Эн жогорку сапаты
+3
moskoy
2018-06-06 13:45:58
Бизде министр ,депутаттар мындай турсун шоу бизнестин адамдары кафеге кирсе официанттарды чакчандап басынтып суйлошот .
+3
Colella
2018-06-06 16:04:48
Бул пиар эмес, Европа эли ушундай жонокой!!! Биздей кантип болуп калсын!
+3
Nevestkaa
2018-06-06 20:28:49
Адамдарга эч нерсе жакпайт экен,отдуши эле тазалап атат го.Жакшы нерсени да жаман жака буруш кк экен да э?
+1
Sezimim...
2018-06-07 12:37:59
Пиар кылгыдай бир жонокой адам болсо экен.Эл бул адамды пиары жок эле таанып атса.Кимге ушундай сапаттар жат болсо пиар катары кабыл алат да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан