Дүйнө биринчилиги-2018: Футбол боюнча Иран курамасы Орусияга алгачкылардан болуп келди
Футбол боюнча Иран курама командасы Орусияга биринчи болуп Дүйнө биринчилигинин башталуусуна 9 күн калганда учуп келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Иран курамасы Москва шаарына футбол боюнча Дүйнө биринчилигине карата көрүлүп жаткан даярдыгын жыйынтыктоо үчүн келишти. Футболчулар Москванын чет жагында орун алган "Локомотив" клубунун базасына жайгашат. Ирандыктар алгачкы беттешин 15-июнда Марокко курамасына каршы Санкт-Петербург шаарында өткөрөт.
Иран, Мароккодон сырткары Португалия жана Испания курамалары менен "B" тайпасына түшкөн.
Футбол боюнча Дүйнө биринчилиги 14-июндан 15-июлга чейин орун алат. Анда 32 курама катышат. Оюндар Орусиянын 11 шаарында жайгашкан 12 стадиондо өтөт.