Орусия президенти Владимир Путин 2018-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда кайсы өлкөлөр фавориттер экени боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Путиндин ою боюнча, Аргентина, Бразилия, Испания жана Германия курамаларында жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору. "Бул оор суроо. Чемпиондукка талапкерлер көп. Алардын арасында Латын Америкадагы Аргентина, Бразилия болсо, мурунку чемпиондукта мыкты оюн көрсөткөн Германия, Испания да бар", - деди Путин.
Эске салсак, Дүйнө чемпиондугу 14-июндан 15-июлга чейин Орусиянын 11 шаарында өтөт. 2014-жылкы чемпиондук Бразилияда өтүп, Германия 4-ирет жеңишке жетишкен.