SUPER.KG порталынын Түз эфиринин коногу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр Мурат Мамбетовдун маеги башталды.
"Композ", "Жаздык" деген ат Мурат деген ысымдан да көбүрөөк элге жакын. Эмнеликтен? Анткени берилген образды жеткире, элдин эсинде түбөлүк калгыдай аткаргандыгында. Актёр 1955-жылы, 8-октябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. Коногубуз медицина кызматкеринин жана агартуучунун үй-бүлөсүндө туулган. Кесиптештеринин айтымында, Мурат Мамбетовдун бир туугандарынын баары медицина тармагын тандап, ата жолун жолдоп кетишсе, арасынан жалгыз гана Мурат Мамбетов искусствону тандаган.
Актёр Мурат Мамбетов Кыргыздын кино жана театр искусствосу жаатындагы Сабира Күмүшалиева, Болот Шамшиев, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу башка дагы көптөгөн дөө-шаалары менен иштешип калганына сыймыктанарын айтат.
Мурат Мамбетовдун режиссёрлук кылган тасмалары: "Аян", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Кууш жолдо", "Кара жолтой", "Тор", "Күлкүлятор" жана башкалар.
Тартылган тасмалары: "Ак куулар конгон айдың көл", "Аян", "Бөрү зындан", "Талаада атылган ок", "Запкы", "Куугунтуктоо", "Чиркин өмүр", "Мега Той", "Эл укпасын".
15:03. Эфирдин коногу SUPER.KG порталына орозо кармап жатканын айтып өттү.
15:05. Мурат Мамбетов акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, учурда "Тунгуч" театрында иштеп жатканын билдирди.
15:06. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти адатка айланган ойготкуч суроолордун дээрлик баарына туура жооп берди.
15:11. Окутуучулук кесиби боюнча суроого: "Окуу жайдын жетекчиси мени окутуучу болбойсуңбу деп чакырып калды. Сунуштан баш тартуу тууралуу ой болгон. Бирок азыр өкүнбөйм. Жаңылай Исакова, Алмаз Сейитканов, Айдина Бектурова өңдүү жаш тарбиялануучуларым жакшы иштерди жасап жатышат. Алардын ийгилиги кубандырып, дагы тарбия берүүгө түрткү берип жатат", - дейт.
15:13. "Окутуучу болуп иштөөнүн өзүнүн түйшүгү бар. Актёрлук кесиптин дагы түйшүгү бар. Тигиниси жеңил, мунусу оор деп айта албайм. Болгону эки кесип тең мага жагат".
15:15. Суроо: "Тасмага тартылуу үчүн сценарийге көңүл бурасызбы же кино жаратуучуларгабы?"
Жооп: "Эң биринчиден, сценарийине көңүл бурам. Анткени сценарий мыкты болсо, фильм дагы жакшы болот".
15:18. "Мен баалаган режиссёрлордун бири - Болот Шамшиев. Ал менин устатым деп айтсам болот".
15:19. "Мен бактылуу адам экенмин. Залкар адамдар менен чогуу иштеп, алардан бир топ үлгү алгам".
15:21. "Мурдагы никедеги балдарым менен катышып турам. Уулумдун 2 баласы бар. Кызым Мээримдин дагы 2 баласы бар".
15:23. "Казактын мыкты актрисасы Хадиша Букеева, айтылуу Кыргыз актрисасы Сабира Күмүшалиева - менин устаттарым. Андан тышкары Муратбек Рыскуловдон да сабак алгам".
15:25. "10 жылдан бери спирт ичимдиктерин ичпей калгам. А бирок тамеки чегүүну таштай албай жатам. Тамеки чегүү жаман нерсе экенин билем. Таштаганга аракет кылганым менен эрким жетпей жатат".
15:29. "Тунгуч" театрын башында эч ким билчү эмес. Канча жыл театрдын аты үчүн иштедик. Кийин "Тунгуч" деген ысым биз үчүн иштеп калды".
15:30. "Комедия жанрындагы тасманы тартуу эң кыйын. Бизде көпчүлүк тасмаларды комедия деп жатпайбы. Мен аларды комедия дегенге кошулбайм. Комедия деген бирөөнүн башына чертип коюу эмес. Ал эми боевикти тартуу өтө кыйын. Окшоштуруп, эптемей кылып тарткандан көрө тартпай эле койгон жакшы".
15:33. "Менин 3 балам бар. Ал эми азыркы жубайым Венера Сатылганова кичүү баламды карап үйдө эле", - деп үй-бүлөсү тууралуу айтты".
15:35. "Азыркы тамашаларды көрсөм, ырсайып да койбойм. Бирок жаштар жата калып күлүшөт. Ал эми биздин "Күлкүлятор" деген берүүбүздүн ошол кездеги көрөрмандары аябай жакшы кабыл алып, күлүшчү. Азыркылар "бул эмне?" деген сыяктуу сөздөрдү айтышат экен. Ошондон улам күлкү дагы мезгилге жараша өзгөрүп турат экен деп ойлоп калдым".
15:38. "Кичүү балам азыр дарыланып жатат. Операция жасатууга эрте".
15:39. "Мен аткарган ролдор Мурат Мамбетовго такыр окшошпойт жана окшоштугу жок".
15:40. "Кыргыз киносу азыр жакшы деңгээлге көтөрүлүп баштады. Менин айтарым, азыркы комедиялар - "одноразовый". Бир жолу көргөндөн кийин актуалдуулугун жоготот. Ошондой тасмаларды жараткандар кийин өздөрү түшүнөт. Эл дагы кинолорду талдап калат деп ойлойм".
15:43. "Балким, талап коюп, коммерциялык багытты көздөгөн комедияларга кичине чара колдонсок жакшы болмок. Бирок тасма тарткандарга эч качан бөгөт койбошубуз керек. Алар бара-бара жакшы деңгээлге көтөрүлөт".
15:45. "Актёр балалыгы тууралуу: "Атам шаарда окуп, үй-бүлө куруп, ушул жакта отурукташып калган. Ал башкы дарыгер болуп иштеп жүргөндө аны жогору жактан Ат-Башыга жиберет. Ат-Башыга барганда мен төрөлүп, жарым жылдан кийин кайра борбор калаага келгенбиз. Балалыгым Бишкекте өткөн".
15:47. "Азыркы режиссёрлордон Сүйүн Откеевдин эмгегин баалайм. Ал тасма аркылуу кандайдыр бир ойду бере алат".
15:49. "Бир мезгилде театрга эч ким барбай калган. Азыр ал көрүнүш кичине болсо да түзөлүп калды. Жаштар акырындык менен театрга келе баштады. Ал эми элди театрга тартыш үчүн кызыктуу спектаклдерди коюш керек. Элдин талабын түшүнгөн күчтүү адамдар театрга келсе, көрүүчүлөр маданий жайларга тартыла баштайт".
15:53. SUPER.KG порталынын Түз эфири аяктап, эфирдин коногу "Жалпы Кыргыз элинде тынчтык орноп, ынтымак болсун! Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!" деген тилегин айтты.