Мындай окуя Түркиянын Стамбул шаарынын четиндеги үйлөрдүн биринде болгон. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, үйдүн кожойкеси дарбазанын жанына унаасын токтотуу аракетин көрүп жаткан. Бирок унаасы менен бир нерсени сүзүп алганын сезген. Аял унаасын токтотконго чейин өзүнүн баласынын үстүнөн айдап өткөнүн эч ойлогон эмес.
Окуянын баары видеокөзөмөлгө түшүп калган. 3 жаштагы бала апасы унаа менен келгенге чейин короодо оюнчук машинасы менен ойноп жаткан. Анын үстүнөн апасынын унаасы өтүп кеткени менен ал тирүү калган. Апасы капоттун астынан баласын эч жеринен жаракаты жок, аман-эсен алып чыккан.