24-июнда өлкө боюнча 20 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Таласта 1, Ошто 2 жана Бишкекте 5 тилсиз жоо орун алды. Мунун кесепетинен адам өмүрүнө зыян алып келген учурлар болгон жок.