24-июнда саат 18:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Белалды айылындагы дарыяга 2001-жылы туулган Кутман уулу Бакай чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. Учурда издөө иштери жүрүүдө. Издөөнү аталган министрликтин Токтогул районундагы Куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу жүргүзүүдө.