Футбол боюнча Кыргыз курама командасы дүйнөлүк рейтингде 17 сапка артка кетип, 92-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы тизме 7-июнда чыккан. Ал эми Кыргыз курамасы соңку бир ай аралыгында Азербайжан курамасы менен достук беттешин өткөрүп, 3:0 эсебинде утулуп калган. Буга чейинки эки ай аралыгында "Ак-Шумкарлар" дүйнөлүк рейтингде 75-орунду ээлеп келе жаткан болчу.
Жаңы тизмекте айдын мыкты командасы деп Азербайжан курамасы табылды. Алар 21 тепкичке көтөрүлүп 105-орунга жайгашты. Ал эми эң начар көрсөткүчтү Гайана курамасы көрсөтүп, 18 баскычка түшүп 182-орунга жайгашты.
2019-жылы орун алуучу Азия биринчилигиндеги Кыргыз курамасынын каршылаштары төмөнкүдөй орундарга жайгашты: Түштүк Корея 57, Кытай 75 жана Филиппин курамасы 115-орунга жайгашкан.
Алдыңкы ондук төмөнкүдөй:
Германия;
Бразилия;
Бельгия;
Португалия;
Аргентина;
Швейцария;
Франция;
Польша;
Чили;
Испания.