КРнын Өзбекстандагы элчилиги укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова эмне себептен Өзбекстандын аэропортунан кармалганын тактоодо

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова эмне себептен аэропорттон кармалгандыгын тактоодо. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. “Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги укук коргоочу эмне себептен чет өлкөлүк жарандардын “кара тизмесине” киргенин тактоодо”,- деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө. Эске сала кетсек, 24-июнда Өзбекстандын аэропортунда франциялык кесиптештеринен бөлүп Төлөйкан Исмаилованы кармап калышкан. Бирок укук коргоочу эмне себептен кармалгандыгы азырынча белгисиз бойдон.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан