7-июнда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Мегатой 2" аталышындагы тасманын бет ачары болуп өттү. Комедия жанрындагы тасманы көрүүгө эстрада жылдыздары, белгилүү актёрлор жана режиссёрлор келишти.
Тасмада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов, Альбина Имашева, Аскат Сулайманов, ырчы Самат Дөөлөтбаков, алып баруучу Айзада Жамгырчиева, Максат Надырбеков, Нурдөөлөт Копоев,"тамашоучу" Азамат Исмаилов роль жаратышкан.
Турмуштагы окуялар, кыргыздардын үйлөнүү тоюндагы кызыктар, салттар тамаша аркылуу көрсөтүлүүчү тасманын режиссёру - Сүйүн Откеев. Ал "Мегатой" тасмасы ийгиликтүү тартылгандыктан элге жагып, көптөгөн суранычтар менен фильмдин экинчи бөлүгү тартылганын жана ага кеткен чыгым болжол менен 20 миң долларды түзгөнүн айтты.
"Мегатой" тасмасын тартып жатканда экинчи бөлүгүн да тартабыз деген оюбуз болгон эмес. Биз тарткан фильм элге жагып, элдик тасмага айланды. "Мегатойдун экинчисин тарткыла" деген көптөгөн суранычтар болду. Бирок биз план жок болгондуктан, тартпайбыз деп жүргөнбүз. Ушул жылдын башында сценаристтер менен отуруп жакшы идея келди. Сценарий 2 айга жакын убакытта жазылды. Анда калың тууралуу кенен маалыматты камтыганга аракет кылдык", - деди Откеев.
Фильмде жаңы кудалашкан эки үй-бүлө калың жана той берүү тууралуу сүйлөшүү үчүн тойканада жолугушат. Кыз берген тарап кызыбызга 3 миң доллар калың, той жана тойго 150 кишилик орун берүүсүн талап кылышат. Ал эми кыз алып жаткан тарап шартка байланыштуу калың берсе, тойду өткөрбөөнү сунушташат. Ага макул болбогон кудалар "сунушубузга көнбөсөңөр, кызыбызды бербейбиз" деп чыгышат. Кудалардын келишпестиги эки жаштын сүйүүсүн бузабы? Бул суроого жоопту 8-июндан баштап борборубуздагы бардык кинотеатрлардан "Мегатой 2" тасмасынан таба аласыз.