Бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда "Нефтчи" (Кочкор-Ата, Кыргыз өлкөсү) жана "Нефтчи" (Фергана, Өзбекстан) клубдары саат 17:00дө достук оюнун өткөрөт.
Маалыматка ылайык, бул беттеш эки өлкөнүн футбол лигаларынын кызматташтык меморандумунун алкагында орун алат.
Ферганалык "Нефтчи" Өзбекстандын беш жолку (1992, 1993, 1994, 1995, 2001) чемпиону. Ал эми Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы 2010-жылы Өлкө биринчилигин жеңип алган.