Кытайда 51 жаштагы тургундун мурдунан тирүү сүлүк курт алынды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Кытайдын Бэйхай шаарынын тургуну 10 күндөн бери мурдунан кан агып жатканын айтып, жергиликтүү ооруканага кайрылган. Эндоскопиялык текшерүүнүн натыйжасы анын мурдунда сүлүк курт бар экендигин аныктаган. Дарыгерлердин айтымында, курт бейтаптын мурун көңдөйүндө 2 аптадан ашык убакыттан бери жүргөн. Натыйжада бейтаптын мурдунан сүлүк куртту алып чыгууга мүмкүн болгон.