Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-июнда “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 16-майында кабыл алынган болчу. Кол коюлган мыйзам соттук-эксперттик иштин укуктук негизин, уюштуруу принциптерин жана негизги багыттарын аныктайт. Ал соттук-эксперттик иштин принциптерин бекитет, анда мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да боло ала турган соттук-эксперттик уюмдар аныкталган. Ошол эле учурда соттук-эксперттик иш жүргүзүү негизги иши болгон уюмдар гана мамлекеттик эмес уюмдар катары тааныла алышат. Мындан сырткары соттук экспертке коюлуучу кесиптик жана квалификациялык талаптар, соттук экспертти тастыктамалоонун тартиби, жетекчинин жана соттук-эксперттик уюмдун экспертинин укуктары жана милдеттери, соттук-экспертиза жүргүзүүнүн негиздери жана тартиби, соттук-эксперттик уюмдардын ишин каржылык, уюштуруучулук, илимий-усулдук жана маалыматтык камсыздоо, ошондой эле соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык каралат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.