"Чоң жетиликке" кирген өлкөлөрүнүн саммити бүгүн, 8-июнда Канаданын Ла-Мальбе шаарында башталат. Саммит эки күнгө созулат. Чет элдик ЖМКлардын маалыматтарына караганда, дүйнөдөгү экономикасы эң кубаттуу делген өлкө жетекчилери өзөктүү маселелерди талкуулай турганы күтүлүүдө.
Эксперттердин пикиринде, жолугушуу мурунку саммиттерге караганда өзгөчө болот. Анткени АКШнын президенти Дональд Трамп бийликке келгенден бери жетиликке мүчө өлкөлөрдү өзүнө каршы коюуга жетишкен. Ал экономикалык чектөөлөр менен импортко салына турган салыктын наркын көтөрүп, европа өлкөлөрүн убайымга салган. Бул кадамдан кийин Европа биримдиги 6 миллиард евро жоготконун кабарлаган.
Брюссель Трамптын чечимине жооп иретинде расмий түрдө АКШдан келген бир катар товарларга бажы салыгын көтөрөрүн жар салган.
Кечээ, 7-июнда Канаданын Ла-Мальбе шаарында жүздөгөн адам "Чоң жетиликтин" саммитине утурлай нааразычылык акциясына чыгышкан. Алардын айтымдарында, дүйнө лидерлери карапайым калктын турмушун эске алышпайт. Акцияга катышкандар "Чоң жетиликтен" дүйнөдө болуп жаткан согушту токтотуп, ааламдагы абалды иреттөөгө чакырышкан.