АКШнын президенти Дональд Трамп "Чоң жетилик" саммитинде Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен жолугушуу өткөрбөйт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын өкмөтүнө шилтеме берүү менен жызып чыкты.
Маалыматка караганда, аталган жолугушуудан Трамп баш тарткан.
"АКШнын президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен жолугушуудан баш тартуусуна жеке мамилелери себеп болду. Трамптын пикиринде, Мэй мектеп мугалимине окшоп сүйлөйт. Анын мындай мамилеси АКШ лидерине жакпайт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 8-9-июнга белгиленген саммит Канаданын Квебек шаарында өтүп жатат. Аталган биримдикке Канада, Франция, АКШ, Улуу Британия, Германия, Италия жана Япония кирет. Евробиримдик да мүчө катары катталган.