2013-жылдын март айынын башында Бишкек шаардык кеңешиндеги “республикачы” депутаттар мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышкан. Шаардык кеңеш кезексиз жыйын чакырып, шаар башчысынын кызматтык тагдыры кылдын учуна коюлган. Бирок акырында Өмүркуловго 3 ай мөөнөт берилип, ал 3 айдан соң мэрия жол берип жаткан бир топ кемчиликтердин оңдолушу боюнча отчёт бермей болгон.
3 ай өттү. Айта кетели, кызматтан айрылып калуу маселеси жаралганда мэр "жакшы иштей албай жатасыңар" деп кол алдындагы 2-3 жетекчини иштен алган. Андан кийинки жасаган иштери көпчүлүккө белгисиз. Адегенде Өмүркуловдун өзүнө кайрылып, "шаардык кеңештин депутаттарынын сындарынан кийин кандай иштерди аткарууга үлгүрдүңүз?" деп сурайлы дегенбиз, бирок оңгулуктуу жооп ала алган жокпуз. Мэрдин иши көп экен, бир гана жооп бергени бул болду: "Шаардагы сейил бактардын аймагында сатылып кеткен жерлерди кайтарып алып, мыйзамсыз жер саткандарды сотко бердик. Ал эми шаар четиндеги таштанды таштоочу жерди, буюрса, тазалайбыз. Ал үчүн атайын техникалар алынып келинмекчи".
Ал эми мэрдин иштеп жатканына ичи чыкпаган шаардык кеңештин депутаттары 3 айдан кийинки жыйынтыкка деле ыраазы эмес. Депутат Кубат Болотканов буларга токтолду:
“Акыркы 3 жылдын ичинде эч кандай иш кылбаган мэр 3 ай ичинде эмнени кыйратып жибермек эле?! Жолдордун кебетесин көрүп жатасыздар, шаар таштандыга толуп кетти. Унааларды токтотуучу жайлардан түшкөн каражаттар көп, бирок алар кандайдыр бир себеп менен шаардын бюджетине түшпөй жатат. 2011-жылы көчөдөгү унаа токтотуучу жайлардан 16 миллион сом түшсө, 2012-жылы бул каражат 9 миллионду гана түзгөн. Ошондой эле 2012-жылы шаардык бюджетке 1 миллиард сомдук салыктар чогулбай калган”.
Депутат 2010-жылдан 2012-жылга чейин шаардын жолдорун ондоого 1 миллиард 200 миллион сом, көчөлөрдөгү жыртыктарды бүтөөгө 82 миллион сом бөлүнгөнүн, бирок жолдордун абалы ошол бойдон калып калганын кошумчалады. Иса Өмүркулов болсо шаар ичинде 39 көчөнүн жолу оңдолгонун байма-бай жар салып келет. Жол боюнча аталган депутат да бир топ маалымат берди. Учкун кичи районундагы жолдорду “Мосдорстрой” компаниясы салып, бирок ал жолдордон көп өтпөй жарака чыгып, бузула баштаган. Буга карабай аталган компания учурда дагы бир көчөнүн жолун оңдоо боюнча тендерге катышып утуп чыгыптыр.
Ал эми шаардык кеңештин депутаты Эльвира Сариева мэрдин ишмердүүлү боюнча маселе саясатташып кетти деп эсептейт. "Мэрге биз 3 ай аралыгында кандай иштер кылынгандыгы тууралуу эмес, жалпы эле жасалган иштер тууралуу отчёт берүү талабын койгонбуз. Ошондуктан мэр 3 айдан көбүрөөк убакыт даярданды. Анын отчёту тууралуу маселени өтө саясатташтырып жиберишти. Кылган иштери эмес, анын адамдык сапаттарына баа берилип, мэрдин кандай башкарып жаткандыгы эмес, аны өзүнчө персона кылып карап коюшту".
Ушундай. Шаардык кеңештин депутаттары мэрге конкреттүү түрдө "бул, тигил иштерди жасайсың" деп тапшырма бербегени менен, шаар башчысы бул аралыкта жасаган иштери боюнча отчёт берет. Анын отчёту бүгүн угулуп жатат. Анын мэр катары жасаган аракети кайрадан депутаттардын талкуусуна коюлду.