КИНОЗАЛ: ЭКСКЛЮЗИВ! Жумагүл Раимжан кызынын "Оорусаңыз таарынам" аттуу концерти SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө кыргыз эстрада ырчысы Жумагүл Раимжан кызынын ушул жылдын апрель айында койгон жеке концерти жүктөлдү.

Концерт 10-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында орун алып, "Оорусаңыз таарынам" деген аталышта өткөн. Буга чейин Ош шаарында бир нече ирет концерт берген ырчы Бишкекте алгачкы жолу чыгармачылык кечесин өткөргөн.

"Борбор калаада концерт берүү үчүн толук 1 ай даярдандым. Атайын дизайнерлер менен иштешип, 5 көйнөк тиктирдим. Эмгектин акыбети кайтып, куттуу сахнада концертим ийгиликтүү өттү. Менин чыгармачылыгымды колдоп келген сахналаш досторума жана жалпы күйөрмандарыма ыраазычылыгымды билдирем", - деди Раимжан кызы.

Ырчы Жумагүл Раимжан кызынын Бишкектеги алгачкы концертинде зал 90 пайызга толгон.

Салтанаттуу кеченин 70 пайызы жандуу үн менен коштолуп, алып баруучулук кызматты Чыңгыз Мырзаев жана Нурзат Токтосунова аркалашты. Жумагүл Раимжан кызын куттуктап, ырчылар Кенже Дүйшеева, Гүлжигит Калыков, Омар жана Анжелика келип, ыр-белектерин тартуулашкан.

Концертти көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Zainidin96
2018-06-10 02:31:13
Эх анжелика анжелика сен бул жерде да барсынбы а
+2
bond02
2018-06-10 02:43:01
Ушунча чон сахнада ката жазылып турганына тушунбойм, Y тамгасы кошулган создо же адамдын атында каерде мягкий знак (ь) жазылчу эле?!
+5
Aima94
2018-06-10 13:16:21
bond02,Атын элдер жумшак айтсын деп жаздырса керек да
+2
Janna07
2018-06-10 21:22:46
Aima94,ха ха
0
asman.81
2018-06-10 07:52:26
Жумагул супер инфого берген маегинде "адамдар менин койногумо окшош койнок кийишсе,кайра ошол койногуму кийбейм мен"деп мактанган,ошодон кийин жаман кором.Озунон башка адамдар кийсе болбойбу же бул асмандан тушконбу же ашыкча текебер!
+4
anandi
2018-06-14 01:39:04
asman.81,Жумагул эмес,Асема болчу ал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан