Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кеткен 4 жаранды издөө иштери уланууда
Чүйдүн Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кеткен 4 жаранды издөө иштери
улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, Чүй облусунун Жайыл
районунда 23-июнда саат 19:30 чамасында Кочкор – Арал - Төө-Ашуу унаа жолунун
168-чакырымында Тойота-Лэнд Крузер унаасы аталган дарыяга түшүп кеткен. Унаада
айдоочу менен 4 жүргүнчү болгон, 1 жүргүнчү өз күчү менен суудан чыккан. Калган
3 жүргүнчү жана айдоочу унаа менен кошо сууга агып кеткен. Тирүү калган адам
1978-жылы туулган Арзмани Смаровдун башы
жарылып, кабыргасы сынып Суусамыр
айылындагы ФАПта дарыланууда. Сууга агып кеткендердин
2өө кыргыз болсо, 2өө кытай жарандары болгон.