Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамп саммит өткөрүү үчүн Сингапурга келишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн президенттерин Сингапурдун тышкы иштер министри Вивиан Балейкришнан тосуп алган.
Дональд Трамп АКШнын Сингапурдагы "Пайя Лебар" авиабазасына келип конгон. Ал Канадада өткөн "Чоң жетиликтин" саммити бүтө электе жолго чыккан. Трамптын учагы Сингапурга келе жатып Грециянын Крит аралында жайгашкан АКШнын "Суда-бэй" авиабазасына конуп, учакка май куйган соң андан ары жолун улаганы айтылат.
Ал эми Ким Чен Ын Сингапурдагы Чанги аба майданына келип конгон.
Тарыхый саммит эртең, 12-июнда Сентоза аралында өтөт. Айрым басылмалар эки президент расмий жолугушуунун убактысын күтпөй жолугушуусу мүмкүн деп божомолдошууда.
Расмий Вашингтон болсо бул саммиттен чоң натыйжа күтүүдө. АКШ бийлиги "Түндүк Корея жолугушуудан кийин ядролук куралдан биротоло баш тартат" деген үмүттө.
Айта кетсек, 24-майда Трамп Түндүк Корея лидеринин АКШга карата айткан сынын себеп көрсөтүп жолугушуудан баш тарткан. Көп өтпөй Трамп тарабынан жокко чыгарылган жолугушуу кайрадан эле АКШ президенти тарабынан 12-июнга коюлган.