Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы Азия оюндарына даярдануу максатында Венгрияда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт (спортчулардын тизмеси)

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы Венгрияда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Азия оюндарына даярдануу максатында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз балбандар 10-21-июнь аралыгында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрмөкчү. Тизмеге грек-рим күрөшү боюнча өлкөбүздүн атактуу спортчулары кирип, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин алдында катышмакчы. Окуу-машыгуу жыйындары жыйынтыкталган соң Кыргыз курамасы 22-25-июнь аралыгында өтө турган Гран-При мелдешинде күч сынашат.

Айта кетсек, аталган тизмеге грек-рим күрөшү боюнча Өлкө чемпиону жана Азия чемпиону Акжол Махмудов, ошондой эле Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси Жоламан Шаршенбеков кирген эмес.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Каныбек Жолчубеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;

Рустам Тейишов - эл аралык даражадагы спорт чебери;

63 килограммга чейинки салмак ченинде:

Калы Сулайманов - эл аралык даражадагы спорт чебери;

Урмат Аматов - спорт чебери;

67 килограммга чейинки салмак ченинде:

Амантур Исмаилов - спорт чебери;

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

Кайрат Түгөлбаев - спорт чебери;

82 килограммга чейинки салмак ченинде:

Атабек Азисбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;

87 килограммга чейинки салмак ченинде:

Самат Шырдаков - эл аралык даражадагы спорт чебери;

97 килограммга чейинки салмак ченинде:

Үзүр Жусупбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;

130 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мурат Рамонов - эл аралык даражадагы спорт чебери;

Башкы машыктыруучу - Азат Эркимбаев;

Ага машыктыруучу - Улукбек Карачолоков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sharolli
2018-06-11 09:52:28
Эмне учун тизмеге Акжол Махмудов кирген эмес? админ толук ушул жонундо маалымат жаза кетсениздер сураныч?
+1
admin_superstan
2018-06-11 10:28:56
sharolli,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
+1
Miroslav
2018-06-11 11:52:31
Чын эле эмне учун кирген жок Акжол Махмудов?Канат Бегаливтин кулагы корунуп жаткан жокбу бул жерден?коро албастык болуп.
+2
nurikkg88
2018-06-11 16:20:28
Махмудов кирбептирго админ сурап бергилечи
0
ussr7
2018-06-12 02:46:11
Акжол Азия оюндарына оз алдынча даярданат,ошондуктан сборго барган жок.
0
sharolli
2018-06-12 10:04:33
ussr7, Жанында жургондой эле айттынго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан