КҮНСЕРЕП: Шайлоодо баары иш берүүчү, бирок жумушсуздар 1 жылда 5 миңге өстү

Бүгүн, 11-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Азыркы тапта Кыргыз жеринде жалпы жумушсуздардын саны 183 миӊ 700 адамды түзүүдө. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, булардын ичинен 61 миӊ 800 адам расмий "жумушсуз" статусу барлар. 2017-жылы расмий "жумушсуз" макамында 56 миӊ адам бар эле, демек, соӊку 1 жылда ишсиз макамы барлар 5 миӊге өстү. Ал эми жалпы жумушсуздук 4 пайыз азайганы айтылды. Быйылкы "Аймактарды өнүктүрүү жылынын" негизги милдеттеринин бири ишсиздерди азайтуу эле. Жыл башында президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын иш издеп чет жерге агылуусу аймактардын өнүгүүсүн артка тартып жатканын айтып, агымды токтотуу үчүн элди уй багып, сүтүн сатууга чакырган. Башкача айтканда, элди сүт бизнеси менен алектенүүгө үндөдү. 2013-жылы өлкөнү 5 жылда туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы бекитилгенде бир пункт болуп жаӊы иш орундарын түзүү планы коюлган. 2017-жылга чейин 350 миӊ жумуш оруну түзүлүп, үй-бүлөдө жок дегенде бирден киши иштөөгө тийиш эле. 50 миӊ гектар жаӊы жер өздөштүрүлмөк. Бирок иш жүзүндө план толук аткарылган жок. Анын сыӊары, Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү, анын алкагында жаӊы иш орундарын түзүү кыялы дагы кандай аткарылып жатканынан эл кабардар эмес. Расмий маалыматка таянсак, акыркы 5 жыл ичинде Орусияда иштеген Кыргыз жарандарынын саны 5 эсе өстү. 5 жыл мурун өлкөдө 1 бош жумуш ордуна 8 адам туура келсе, учурда 13 адам туура келүүдө. Жумушсуздукту кыскартуу - 2015-жылкы парламенттик шайлоодо, 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкерлердин башкы урааны эле. Миӊдеген жумуш орундары түзүлүп, мигранттар мекенине кайта башташы керек эле. Бирок реалдуулук башканы көрсөтүүдө...

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда соттолгон саясатчыларга карата азыркы бийликтин тушундагы чечимдер өзгөрүүсүз калууда. Коомчулукта Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров, Канатбек Исаев өӊдүүлөр саясий негизде камалды деген пикир көп айтылат. Бийликке Сооронбай Жээнбековдун келиши элде аталган саясатчыларга мамиле өзгөрөт, мурдагы чечимдер жокко чыгарылат деген үмүт жараткан. Бирок акыркы соттук чечимдер Жээнбековдук бийликке да шектенүүнү күчөттү. Анткени эл оозунда саясаттын курмандыгы делип жүргөн саясатчылардын бири да эркиндикке чыгып же жазасы жеӊилдеген жок. Албетте, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбековго жаза мөөнөтү 4-6 жылга кыскарганын эске албаганда. Тескерисинче, жакында Жогорку Сот экс-депутат Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан чечимди күчүндө калтырса, Бишкек шаардык соту экс-депутат Карганбек Самаковду 10 жылга кескен сот өкүмүн өзгөрүүсүз калтырды. Эгер аталган саясатчылар саясий негизде соттолсо, анда азыркыга чейин акталбай жатышынын себеби эмнеде? 2005-жылкы бийлик алмашуудан кийин Акаевдин тушунда соттолгон Феликс Кулов камактан бошотулуп, соттон акталган. 2010-жылкы революциядан кийин жаӊы бийлик Исмаил Исаковду түрмөдөн алып чыккан. Жарым жылдан ашты, азыркы бийлик соттолгон саясатчылар боюнча чечкиндүүлүк көрсөтө элек. Депутат Руслан Казакбаев бүгүн түрмөдө отурган саясатчыларга саясий куугунтук болгонун же болбогонун сот жана тарых аныкташы керек деген пикирде. Ал эми коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев соттолгон саясатчыларды актоого президент Жээнбеков эч качан тапшырма бербеши зарыл, болбосо азыркы бийликтин мурунку бийликтен айырмасы болбойт дейт. Коомдук ишмер Эдил Байсалов да президенттен таза иштөөнү талап кылган коом, андан кайра сотторго тапшырма берүүнү суранып жатканы түшүнүксүз экенин айтат. Көрүнүп тургандай, соттор өздөрү билип чечсин дегенге ыктап турушат. Түштүк Корея, Бразилия өӊдүү өлкөлөрдө соттордун эрки бийликте турган президентти кылмыш жазасына тартууга жетип жатат. Бизде сот тармагы реформаланган жок. Президент Жээнбеков өзү баш болуп коррупцияга батып калды деп сындап жүргөн сотторго оппозициясы да, позициясы да кайра үмүт артууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан